Эл аралык Кызыл Крест уюму Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айылына тез медициналык жардам унаасын тапшырат. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Айылдагы оорукананын хирургия бөлүмүндө да оңдоп түзөө иштери жүргүзүлдү. Бул оорукана тегеректеги жети айылдын тогуз миң кишидей калкын тейлейт. Райондук ооруканага жетиш үчүн жергиликтүү калк тоо аралап үч ашуудан өтүшү керек. (RK)