Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Кыргызстанга ажылыкка 4,5 миң орун бөлүндү


Быйыл Кыргызстага ажылыкка 4,5 миң квота бөлүндү. Бул тууралуу муфтий Чубак ажы Жалилов Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Сауд Арабстанга расмий сапарында бул боюнча келишимге кол коюлду. Ошондой эле кошумча 1000 ажылык виза берүү боюнча өтүнүч менен кайрылганын айтты.

Ошондой эле Ажылык жана умра борборунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдиновдун маалымат жыйынында билдиргенине караганда, ажылыктагы уюштуруу иштерин сындап келаткан Асан Саипов менен Абдышүкүр Жураевди сотко беришти.

Асан Саипов менен Абдышүкүр Жураев Ажылык жана умра борбору, анын директору муфтий Чубак ажы Жалилов коорупциялык иштерге жол берип жатат деп сындап келатат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG