Швейцарияга иш сапар менен барган Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевди аталган өлкөнүн президенти жана каржы министри Эвелине Видмер-Шлумпф кабыл алды. Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды. Швейцария президенти Кыргызстан аталган өлкөнүн Борбор Азиядагы маанилүү тышкы саясый шериктеши экенин айтты. Ар тараптуу колдоо мындан ары да улана берээрин кошумчалады. Кыргыз бийлигинин өлкөдө парламенттик демократияны, жарандык коом институттарын бекемдөө жана экономиканы өнүктүрүү аракеттерин кубаттаарын билдирди. (RK)