Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

Пан Ги Мун: БУУнун байкоочуларына Сирия бийлиги шарт түзүшү зарыл


Бириккен Улуттар уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун Сирия бийлиги жана оппозициясы ортосундагы элдешүү жараянын мониторинг кылуучу байкоочуларга сириялык режим зарыл шарттардын баарын түзүп бериши керектигин билдирди. Ал өткөн бейшембидеги өкмөттүн ок атууларды токтотууга болгон аракетин “абдан бошоң кадам" деп сындады. АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечээ Бразилияга болгон сапарында “Башар ал-Асаддын өкмөтү жарашуудан сырткары дагы Араб өлкөлөлөрү жана БУУнун атайын чабарманы Кофи Аннан тарабынан сунушталган тынчтык планынын бир нече пункттарын аткарышы керек”, - деди. Башка пункттарда согуштук шаарлардан оор курал-жарактарды алып чыгып кетүү, тынчтык демонстрацияларын өткөрүү, саясий себептер менен камалгандарды эркиндикке чыгаруу жана бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө шарт түзүү. Сирияда тынчтык планы ишке кирген менен ок атышуу дале токтой элек. Кечээ эле өкмөттүк куралдуу күчтөрдүн аткылоосунан улам кеминде 14 киши набыт болду. Ушул күндөрү БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирияга 30 куралсыз байкоочу жөнөтүү чечимин кабыл алды.

XS
SM
MD
LG