Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Норвегия: Брейвиктин соту уланууда


Норвегиянын борбору Ослодо өткөн жылдын жайында 77 адамды өлтүргөн ашынган оңчул Андерс Брейвиктин соту уланууда. Брейвик сотто адамдарды кырып өлтүргөнүн мойнуна алып “бул акылдуу жол менен жасалган саясий кол салуу” экендигин айтып, муну жасаганына өкүнбөй турганын билдирди. Бүгүнкү соттук отурумда өзүнүн интернеттеги фейсбук баракчасы аркылуу “Брейвикке өлүм жазасын бериш керек” деп чакырык салган бир сотту залдан чыгарып жиберишти.

Терроризм жана массалык адам өлтүрүү үчүн айыпталып жаткан 33 жаштагы Андрес Брейвиктин күнөөсү аныкталса ал 21 жылга камалат. Айыпталуучу өткөн жайда Осло шаарында 8 адамды жардырып, ошол эле күнү кечинде Утойя аралчасындагы жаштардын жайкы лагеринде 69 кишини атып салган. Ал Норвегиянын либералдуу иммиграциялык саясатын өзгөртүп, өлкөнүн мусулмандардын колуна өтүп кетишинин алдын алуу зарыл деген оюн айткан.

XS
SM
MD
LG