Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Москвадан дагы үч кыргызстандык ымыркай Бишкекке келет


Москванын Ымыркайлар үйүндө багылып жаткан дагы үч кыргызстандык баланы келерки аптада Бишкекке алып келишет. Бул ишке Эл аралык миграция уюму жардамдашып жатканын "Азаттыкка" Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун билдирди. Акыйкатчы быйыл кышында Москвага барганда Ымыркайлар үйүндө кыргызстандык жарандар таштап кеткен 23 бала багылып жатканын айтып келген. Кийин алардын экөөнү Бишкекке алып келишкен. Турсунбек Акундун айтымында, ал балдар бала багып алуу үчүн кезекте турган үй-бүлөлөргө берилет. Бул маселе бүгүн социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров менен жолугушууда талкууланды.(RK)

XS
SM
MD
LG