Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Москвада кыргызстандык соодагерлер үчүн базар ачылды


"Дордой" ассоциациясы Москвада кыргызстандык эмгек мигранттар үчүн базар ачууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган ассоциациянын президенти Аскар Салымбеков билдирди.

Анын айтымында, былтыр Черкизов базары жабылып калганда Москвада соода менен алектенген көптөгөн кыргызстандыктар өзүнчө базар ачып берүү сунушу менен кайрылышкан.

3400 орундук "Южные ворота" соода борборундагы 1000 орун кыргызстандыктар үчүн пайдаланууга берилди. Аталган борбор менен "Дордойдун" жетекчилиги келишим түзүп, кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген шарттар каралаарын, соодагерлер жашай турган өзүнчө мейманкана болоорун макулдашышты. Аталган борбордо соода кылуучу бир орундун бир айлык акысы 600-700 миң рубл. Кыргызстандыктар үчүн алгачкы ай бекер, быйыл сентябрга чейин 25-35 миң рублдан, кийин 50 миң рублдин тегерегинде болоору айтылууда. Негизинен Кыргызстанда тигилген кийим-кече сатылат.

Салымбековдун билдиргенине караганда, кыргызстандыктардын укуктарын коргоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси негизги шарттардын бири болуп эсептелет. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG