Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:55

Хамид Карзай талиптерге кайрылды

Бүгүн Ооганстандын президенти Хамид Карзай талиптерге кайрылып, алардын чабуулдары тынчтык сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратып жатканын айтты.

- Талип, боордош! Силер жасадык деп моюнга алган каргашалуу окуяны силерби же башка чет элдиктер кылдыбы – айтор, бул Исламга, мусулмандарга же оогандарга эмне берди? Эки жолу тең силер мусулман-оогандарды өлтүрдүңөр, - деди Карзай.

Президент Кабулдагы жана башка 2 шаардагы чабуулдардан кийин ушундай билдирүү жасады. Жекшембиде үч шаарда болгон чабуулдарда 35 киши жарадар, анын ичинде ооган атайын кызматынын 11 мүчөсү жана 4 киши өлгөн эле. Бул чабуулдар адам өмүрүн гана албастан, ал жердеги инфраструктура менен экономикага дагы запкысын тийгизди.

Ооган өкмөтү 2014-жылы эл аралык аскерлер чыгып кеткиче өлкөдө бейкуттук орнотуу үчүн талиптер менен сүйлөшүүлөр улантыла берерин билдирип келет.
Куржундар
​
XS
SM
MD
LG