Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Ооганстанда суудан окуучу кыздар ууланды


Ооганстандын түндүгүндөгү Тахар дубанында 150 чакты кыз мектепте ууланып, оор абалда ооруканага жеткирилди. Дубандын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жан Мохаммад Нади-зада кыздардын окуп, билим алышына кастарын тиккендер Рустак шаарындагы жалаң кыздар окуган Насван Маркази орто мектебиндеги сууну атайылап ууландырышкандыгын билдирди. Ууланган кыздар баштары ооруп, куса баштаганда ооруканга жеткирилген. Дагы башкалары дарылангандан кийин үйүнө жиберилди. Талиптердин жергиликтүү өкүлү бул окуяга талиптердин тиешеси жок деп билдирди. 2001-жылы АКШ баштаган согушта кулаганга чейин талиптер кыздардын билим алуусуна тыйуу салган. (jch)

XS
SM
MD
LG