Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Өкмөт менен оппозициянын бүгүнкү кездешүүсү арсар


Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сүйлөшүү сунушу оппозиция лидерлеринин штабына өткөн жума этегинде эле жөнөтүлгөн. Анын айтымында, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов сүйлөшүүгө ар бир тараптан бештен киши катышуусун сунуштаган. Каназаров “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев дагы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров дагы алдын ала макулдугун беришкенин билдирди. Ташиев болсо жолугушуу сунушун албаганын “Азаттыкка” кабарлады.

Оппозиция буга чейин март-апрел айларында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында митинг өткөргөн. Анда өкмөттүн кетишин, Кыргызстан президенттик-парламенттик башкарууга өтүшүн, 2010-жылдын апрел-июн окуялары боюнча күнөөлүүлөрдү таап, жазалоону талап кылышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG