Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Оппозиция өкмөт менен жолугушууга макул болду


Оппозиция лидерлери өкмөт жетекчилиги менен жолугушууга даяр. Бул тууралуу бүгүн "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев парламентте журналисттерге билдирди. Сүйлөшүүгө оппозициянын башка лидерлери Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров да барууга даяр экенин айтты.

Оппозиция менен өкмөттүн сүйлөшүүсү бүгүн кечкиге пландаштырылып жатканы айтылууда. Бирок саат канчада, кандай форматта өтөөрү боюнча азырынча расмий маалымат жок.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, бул жолугушуу теле аркылуу түз ободо өтүшү керек. Өкмөттүн кызматтан кетүүсү негизги талаптардын бири бойдон калууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG