Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Пакистан Усама бин Ладендин үй-бүлөсүн депортациялоодо


Алардын адвокаты Мухаммад Амирдин Батыш маалымат агенттиктерине билдиргенине караганда, бардык документтери даяр болсо Усама бин Ладендин үй-бүлөсү Пакистандан бүгүн кечке жуук Сауд Аравияга кетет.

Мурда алардын чыгарылуусу шаршембиге караган түнгө белгиленген эле, бирок расмий документтер даяр болбогонунан улам убактылуу токтотулду.

Усама бин Ладендин үч аялы, сегиз баласы, бир небересин Пакистан бийликтери АКШнын атайын күчтөрү былтыр майда “ал-Каида” лидердин Абботтабад шааррчасындагы үйүндө өлтүргөндөн кийин кармашкан.

Алар Пакистан аймагына мыйзамсыз кирип, жашаган деген айып менен соттолуп, кыска мөөнөт камакта олтурушту. (UE)

XS
SM
MD
LG