Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Мусулман эмес өлкөлөрдө Кудайга ишенгендер акырындап азайууда


АКШда жүргүзүлгөн жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы мына ушундай тыянак берген. Бирок Кудайга ишенүү деңгээли ар өлкөдө ар башка экен. Кудайга ишенүүчүлүк жагынан көч башында филиппиндер турат.

Филиппинде суралгандардын 94 пайызы Кудайдын бардыгы “анык” деп эсептешет экен. Экинчи орунда 88% Чили, үчүнчүдө 81% менен АКШ турат. Кудайга ишеним деңгээли Польшаны эске албаганда мурдагы советтик блокко кирген өлкөлөрдө эң төмөн.

Маселен Румыниядан суралгандардын 13%, Чехиядан 20% гана Кудайга ишенерин айтышкан. Ал эми Орусияда, Словенияда, Израилде ишеним өскөнү байкалган. Изилдөөнү АКШдагы Чикаго университети мусулман эмес отуз өлкөдө 1991, 1998, 2008-жылдардын аралыгында жүргүзгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG