Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:42

Ошто уруша кеткендер бири-бирине доосу жок экенин айтышты


Ош шаарында унаага май куюучу жайлардын биринде болгон окуяда улут аралык араздашуу жок, бул адамдар арасында жайчылыкта күндө эле боло жүрчү окуялардын бири. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ош шаардык милициясынан кабарлашты. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын ага инспектору Замир Сыдыковдун айтымында, май алмаштырганы келген киши менен май сатуучунун ортосунда уруш чыкканы чын. Бирок алар бири-бирине доосу жок экенин айтып, милицияга арыз жазуудан баш тартышты.

"Май алмаштыруучу жай жолдун боюнда экен. Бир-эки адам токтоп, эмне болуп жатат деп карап калган. Алардын аркасынан келаткан машиналар да токтоп, ортодо тыгын пайда болгон. Аны көргөндөр ошол жерде жаңжал болуп жатат деп элге таратып жиберишкен. Улут аралык жаңжал болду деп айтуунун кереги жок", - дейт Сыдыков.

Айрым маалымат булактары май саткан киши өзбек улутундагы жаран экенин, май алмаштырганы келгендер кыргыздар экенин жазып чыгышты.

Ал эми "Эдвокаси борбордун" билдиргенине караганда, май куйдурганы келгендер мас болчу - "20 сом үчүн айтыша кетишип, мушташ чыккан. Ажыратканы келгендер "урушуңарды токтоткула" десе улутуна асылган жооптор айтылган". (RK)

XS
SM
MD
LG