Брюсселдеги эки күндүк жыйынга НАТОго мүчө 28 өлкөнүн тышкы иштер жана коргоо министрлери жыйналды. Анда 2014-жылдан кийин Ооганстанда НАТОнун канча аскери калары жана ооган күчтөрүн кармоого кеткен чыгымды ким төлөрүн талкуулоо белгиленген.
Түндүк атлантикалык альянстын башкатчысы Андерс Фог Расмуссен бүгүн НАТОнун Ооганстанда 2014-жылдан кийин да милдеттемелери бардыгына токтолду:
- Менин Ооганстандын душмандарына айтар сөзүм ачык. Силер бизди жөн эле күтүп олтура албайсыңар. Биздин акырындык менен кетишибиз менен ооган элин мыкаачылыктан жана адамкерчиликсиздектен коргоо вазийпасын Ооганстандын өзүнүн кубаттуу күчтөрү алат. Андыктан биз ооган коопсуздук күчтөрүн 2014-жылдан кийин да колдоону улантабыз. Машыктыруу жана каржылык жагынан колдойбуз.
Маалыматтарга караганда, жылына ооган күчтөрүн колдоо үчүн талап кылынчу төрт миллиард доллардын үч миллиардын АКШ көтөрүп, калган бир миллиардын НАТО боюнча өнөктөштөрүнөн суранганы жатат.
НАТОнун 130 миң аскеринин басымдуу бөлүгү Ооганстандан 2014-жылдын соңуна чейин кетүүсү белгиленген. (UE)