Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:28

Оппозиция лидерлери өкмөт менен жолугушууга келген жок


"Өкмөт-оппозиция" форматында өтө турган бүгүнкү жолугушууга оппозиция лидерлери келген жок. "Ала-Арча" резиденциясында даярдалган жолугушууга өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов, ички иштер, юстиция, каржы жана маданият министрлери менен мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков гана келди.

"Ата Журт" партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркуловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бул жолугушуу түз эфирде өтүшү керек деген талап аткарылбагандыктан оппозиция ал жакка барган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG