Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

КТРК Байкоочу кеңешиндеги жарандык коом өкүлдөрү аныкталды


Парламенттеги добуш берүүнүн жыйынтыгында Коомдук телерадиокорпорациянын Байкоочу кеңешине жарандык коом сунуштаган 15 талапкердин ичинен бешөө шайланды. Алар - Фархад Бекманбетов, Эрнст Абдыжапаров, Илим Карыпбеков, Вячеслав Гончаров жана Арстанбек Мыктыбек.

Ошондой эле буга чейин Жогорку Кеңеш Байкоочу кеңешке кире турган президенттин жана парламенттин өкүлдөрүн шайлаган.

Оппозициячыл "Ата Журт" фракциясынын депутаттары көрсөткөн эки талапкер тиешелүү добуш ала албай, өтпөй калганына нааразы болуп, жыйындан чыгып кетишти. (RK)

XS
SM
MD
LG