Кыргыз республикасынын өкмөтү оппозиция лидерлеринин өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен уюштурулуп жаткан жолугушууга катышууга макулдук бергенине ыраазылык билдирет. Жолугушуу бүгүн, 18-апрелде, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында саат 17.00дө өткөрүлөт. Мындай маалыматты бүгүн өкмөттүн маалымат кызматы таратты.
Жолугушуу "ачык форматта каалаган телерадиокомпаниялардын катышуусу менен өткөрүлүп, башынан аягына чейин видеотасмага тартылаары" айтылды.
Ал эми оппозициянын жолугушууну түз ободо өткөрүү талабына байланыштуу өкмөттүн маалымат кызматы мындай деди:
"Ата-Журт” парламенттик фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин жолугушууну жергиликтүү телеканалдардын биринде түз эфирде өткөрүү туурасындагы сунушуна байланыштуу өкмөт - бул жолугушуунун демилгечиси катары - конструктивдүү диалогду саясий шоуга айландыруунун кажети жок деп эсептейт". (RK)