Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Испан падышасы аңчылыгы үчүн кечирим сурады


Африканын Ботсфана өлкөсүндөгү аңчылык сапары учурунда алган жараатынан улам ооруканга түшкөн падыша Хуан Карлос бүгүн ооруканадан чыгып жаткан учурунда жаңылыштык кетиргендигин моюнга алып, кечирим сурады жана экинчи мындай көрүнүш кайталанбай турганын белгиледи.

Испан падышасы өлкөсү оор экономикалык кризисти баштап кечирип, жумушсуздуктун деңгээли эң жогорку чекке чыккан учурда Африкага аңчылык кылууга барганы үчүн кескин сынга кабылган. Жетимиш төрт жаштагы падышанын аңчылык сапары коомчулукка ал ооруканга түшкөндөн кийин гана билинди.

Падышанын үй-бүлөсү ырастабаганы же төгүндөбөгөнү менен ал Ботсфанага пилдерге аңчылыкка барганы кабарланган. Хуан Карлос өзү жапайы жаныбарларды коргоо боюнча дүйнөлүк уюмдун испан бөлүмүнүн арадактуу президенти болуп эсептелет. (UE)

XS
SM
MD
LG