Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Азербайжан: “ал-Кайидага” байланышы бар деп шектелген согушкерлер тобу камалды


Бул тууралуу Азербайжандын Улуттук коопсуздук министрлиги билдирди.

Министрликтин расмий өкүлдөрүнүн бүгүн кабарчыларга билдиргенине караганда, кармалган согушкерлер Азербайжан аймагында бир катар террордук чабуулдарды ишке ашырууну мерчемдеген.

Расмий өкүлдөр кошумчалагандай, топтун мүчөлөрү Сириядагы диний мектептерден билим алышкан. Кийин Пакистан менен Ирандан аскерий машыгуулардан өтүшкөн.

Азери расмий өкүлдөрү камалгандардын санын жана камоолор кайсыл жерде жүргүзүлгөнүн айтышкан жок. (UE)

XS
SM
MD
LG