Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Казакстанда 42 киши террорчулук үчүн түрмөгө кесилди


Кылмыш кодексинин терроризм беренеси боюнча айыпталган 47 адамдын соту бүгүн өлкө батышындагы Атырау шаарында аяктады. Сот өкүмүнө ылайык, алардын 42си террордук топ түзгөнү, Атырауда жана башка шаарларда жардырууларды жасаганы жана мерчемдегени үчүн деп 6 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, айыпкерлердин калган бешөөсү 2-апрелде 5 жылдан 15 жылга чейин соттолушкан.

26-мартта башталган сот жараяны жабык өттү. Соттолгондор Атырау шаарында 2011-жылдын октябрында эки жарылуу болуп, бир адам өлгөндөн кийин кармалышкан эле. Өлгөн адам жардыруу жасап, жанкечтилике барган деп табылган.

Кийинчерээк Интернет аркылуу таратылган билдирүүдө ал жардыруулар үчүн өзүн “Жунд ал-Халифах” ( Халифаттын жоокерлери) деп атаган топ жоопкерчилик алган. (UE)

XS
SM
MD
LG