Коргонуу кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев кечээ, 18-апрелде Бириккен Улуттар Уюумунун Коопсуздук кеңешинин Контртеррористтик комитеттинин аткаруучу жетекчиси Майк Смитти кабыл алды. Табалдиев өлкөдөгү, Борбор Азия аймагындагы коопсуздук маселелери жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары диний экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү аракеттери жөнүндө айтып берди.
Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Смит Кыргызстандын терроризм, диний экстремизм менен күрөшүү аракетинде позитивдүү өзгөрүүлөр бар экенин белгиледи. Тараптар стабилдүүлүктү жана коопсуздукту чыңдоо багытында кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты. (КЕ)