“Көч” деген аталыштагы кыска метраждуу тасма эл аралык “Ал Жазира” даректүү тасмалардын 19-22-апрел күндөрү Доха шаарында өтүүчү фестивалында көрсөтүлөт. Кыргыз-түрк “Манас” университетинен “Азаттыкка” билдиришкендей, фестивалга фильмдин режиссерлору Артыкбай Сүйүндүков жана Молдосейит Мамбетакунов чакырылган.
Аталган кароодо 160тан ашуун фильм көсөтүлөт. Эл аралык “Ал Жазира” даректүү тасмалардын фестивалы быйыл сегизинчи жолу өткөрүлүп жатат. (КЕ)
Аталган кароодо 160тан ашуун фильм көсөтүлөт. Эл аралык “Ал Жазира” даректүү тасмалардын фестивалы быйыл сегизинчи жолу өткөрүлүп жатат. (КЕ)