Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Словакия: ЕБнын элчилерин Минскиге кайтаруу керек


Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак элчилер Беларуска бир нече күндүн ичинде кайтышы керек деп эсептейт:

- Биримдиктин элчилерин Минскиге кайтууга убакыт келди. Анткени бизге элчилердин иштегени керек. Алар саясий талаштын куралы болбошу керек.

Министр Беларуста мурдагы президенттик талапкер Андрей Санников менен анын жардамчысынын апта соңунда абактан бошотулушун «маанилүү окуя» деп мүнөздөп, бирок бул «узун сапардагы тунгуч кадам» экендигин эскертти. Оппозициянын эсебинде, Беларуста дагы 10 чакты саясий айыпкер түрмөдө кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG