Кыргызстанда алгачкы жолу коюлган балдар опереттасы 21-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык улуттук опера жана балет театрында кайрадан коюлат. "Алтын уя" опереттасы балдарды мекенчил болуп, эмгекти сүйүүгө, күйүмдүү болууга тарбиялаган чыгарма. Аны 3-17 жаштагы балдар аткарышат. Оперетта алгачкы жолу 2010-жылы 1-июнда коюлган. Былтыр 6-7 жолу көрсөтүлдү. Аткаруучусу - "Ак шоола" балдар хору. (RK)