Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Нарын: Бир митингде эки башка талап айтылды


Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтында 100гө чукул адам чогулуп митинг өткөрдү. Алардын бир тарабы “7 пайыздык насыя карапайым элге берилсин, өрттөнгөн базар тез арада салынсын деген талаптары менен өлкөдөгү баардык эле кредиттик компаниялардын насыя пайызы жогору болуп жаткандыгына каршы пикирин билдиришсе, экинчи тарап “Ташиев, Келдибеков элди экиге бөлбө, Салянованы колдойбуз, Мадумаров сот жообуна тартылсын!” деп кыйкырып жатышты.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Эркин Асаналиев “негизинен бүгүн социалдык маселелер айтылмак, бирок башка саясий талаптар менен да чыгышыптыр, мында жергиликтүү бийликтин буюртмасы болушу ыктымал” деген пикирин айтса, экинчи тараптагы Канайым Бердибаева “булар Ташиевди колдоп чыгып жатат” деп, эки тараптын кайым айтышуусу да болду.

Чогулгандарга облус губернатору Канатбек Муратбеков чыгып, саясий талаптар менен чыккандарга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
Түштөн кийин митингчилер тарап кетишти. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG