Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:03

НАТО: Ракетадан коргонуу системасы Орусияга каршы эмес


Андерс Фог Расмуссен.
Андерс Фог Расмуссен.
Уюмдун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бул тууралуу бүгүн НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесинде альянска мүчө 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлери, анын ичинде АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон аталган маселени орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен талкуулаган кезде айттты:

- НАТОнун алкагында биз ракетадан коргонуу боюнча комплекстүү системаны өнүктүрүүдө чоң прогресске жетиштик. Бул система Орусияга коркунуч туудурбайт. Ал ошондой эле стратегиялык балансты да өзгөртпөйт. Андыктан мен биз алдыга диалог, акыркы он беш жылда ушул үстөл үстүндө жаралган ишеним жана ачык-айкындуулук аркылуу жыла аларыбызга ишенем.

Орусия НАТОнун ракетадан коргонуу системасы анын өзөктүк кубатын нейтралдаштырат деп шек санагандыктан, бул система аларга каршы багытталбаганы боюнча укуктук жактан милдеттендирген кепилдик берүүнү узактан бери талап кылып келет.

Маалыматтарга караганда, НАТО ракетадан коргонуу боюнча АКШ демөөрчүлүк кылган система жарым-жартылай ишке киришкенин келаткан майда Чикагодогу саммитте жарыялары күтүлүүдө.

Ал эми система толук кубаттуулукта иштеши үчүн 2020-жылга чейинки мөөнөт талап кылынат. (UE)

XS
SM
MD
LG