Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Сирия жана БУУ байкоочулар боюнча макулдашууга кол койду


Улуттар уюму менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын өкүлүнүн билдиргенине караганда, протоколдук макулдашууда БУУнун байкоочуларынын функциясы жана Сирия бийлигинин жоопкерчилиги көрсөтүлгөн.

Мунун алдында БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия уруш жүргөн аймактардан аскерлерди жана оор техниканы чыгарып кетүү боюнча милдеттемесин толук аткарбай жатканын айткан эле. Ал бул тууралуу Коопсуздук кеңешине жолдогон катында билдирип, Сирия тынчтыкка дилгирлигин көрсөткөн “ачык белгини” азырынча бере электигин белгилеген.

Пан Ги Мун ошондой эле БУУнун Сирияда ок атышуунун токтотушуна көзөмөл салуучу 250 байкоочуну 300гө чейин көбөйтүүнү сунуштаган.

Бирок Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем байкоочулар санын көбөйтүү жөнүндөгү сунушту четке каккан.

Бул аралыкта бүгүн Парижге “Сириянын достору” тобуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери чогулуп, ок атышуунун токтошу боюнча олку-солку болуп турган кырдаалды талкуулаганы жатат.

Ал жыйынды утурлай АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Сириянын президенти Башар ал-Асад Улуттар уюму менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын ишке ашырбаса, олуттуу жазага кабыларын эскертти:

- Биз азыр бурулуш учурда турабыз. Биз Кофи Аннандын планын Коопсуздук кеңешинин көрсөтмөсүнө ылайык алга жылдырып, байкоочулардын жардамы менен жаңжал жок жана тынчтык орногон аймактарды акырындык менен кеңейтебиз же кошумча чаралар каралганга чейин Асад акыркы мүмкүнчүлүгүн жоготконуна күбө болобуз.

Орусия болсо Париждеги бүгүнкү кеңешмеге катышпасын билдирип, ал жердеги сүйлөшүүлөр Сирия режимин изоляциялоого багытталганын жана тикелей тынчтык сүйлөшүүлөргө зыян тийгизерин белгиледи.

Сириянын өзүнөн болсо кагылышуулар уланып жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Ал жерде ок атышуулар токтоду делгенден бери бир апта өттү. (UE)

XS
SM
MD
LG