Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Карзай коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өткөрүүнү “тездетүүгө” чакырды


"Лос Анжелес Таймс" гезитине чыккан сүрөттөрдүн бири.
"Лос Анжелес Таймс" гезитине чыккан сүрөттөрдүн бири.
Коопсуздук үчүн жоопкерчиликтин НАТО күчтөрүнөн жергиликтүү күчтөргө өтүшүн тездетүү боюнча чакырыкты Хамид Карзай бул ирет АКШ аскерлери өлтүрүлгөн ооган согушкерлеринин сөөгү менен түшкөн сүрөттөр жарыяланган кезде жасады.

Карзай мындай сүрөттөрдүн тартылышын жана жайылышын “жийиркеничтүү” иш деп атады. Мындай окуялар буга чейин оогандардын жана эл аралык коомчулуктун кыжырдануусун жаратканын эскертти.

2010-жылы тартылган деген сүрөттөр ушул шаршембиде “Лос-Анжелес Таймс” гезитинде басылган. АКШ өкмөтү сүрөттөгү жоокерлердин жүрүм-турумун кескин айыптарын белгиледи.

Коргоо министри Леон Панетта бул үчүн күнөөлүүлөр жазаланарын билдирип, сүрөттөр АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин баалуулуктарын чагылдырбасын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG