Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Депутаттар тарыхый жана маданий мурастардын абалы менен таанышат


Бүгүн Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Чүй обулусунун чыгыш тарабындагы мурдагы Ак Бешим, Невакет шаарчаларындагы археологиялык объектилердин абалы менен таанышат. Төрага Асылбек Жээнбековдун да катышуусу күтүлүүдө. Бул иш-чараны парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети уюштурууда. Анын максаты - тарыхый, маданий мурастарга көңүл буруу, коргоо жана сактап калуу.

Өткөн жылы кыргыз-орус археологиялык иликтөөсүнүн натыйжасында аталган жайдан Будданын айкели табылды. Тарых жана маданий мурастар институтунун кызматкери Валерий Кольченко 8-9-кылымдарга таандык болгон бул табылганы айылдагы бир дөңсөөнү казуу учурунда тапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG