Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

“Курултай жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болот


"Курултайлар жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жана келип түшкөн сунуштарды талкуулоо боюнча парламенттик угуу келерки аптада өтөт. Мыйзам долбоордо элдик курултайларды түзүүнүн жана анын ишин уюштуруунун тартиби, мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат угуу укуктары белгиленген. Мындан сырткары бийликке тиешелүү сунуштарды берүү, талаптарды коюу жана алардын аткарылышын көзөмөлгө алуу боюнча кошумча ыйгарым укуктарды берүү каралган. Парламенттик угууну Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети АКШнын ЮСАИД программасынын колдоосу менен өткөрүүдө.

Элдик курултайды Баш мыйзамга киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Экинчи окууга чейин коомдук талкуудан өтүшү керек. "Элдик курултай" уюмунун түзүлгөнүнө эки жыл болду. Анын курамында 35 коомдук-саясый бирикме бар. Уюм талкуунун катышуучуларына элдик курултай боюнча өзү иштеп чыккан мыйзам долбоорун да сунуштап жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG