“Жаштар дүйнөнү өзгөртөт!” деген ураан менен өтчү бул иш-чара бүгүн өлкөнүн баардык аймактарында башталат. Жумалыктын алкагында ондогон жаштар бак тигүү, карылар үйү, бала бакчалардын тегерегин тазалоо, балдар үйлөрүндө интернетти колдонуу боюнча сабак өтүү, жаңы конуштардагы китепканаларга китеп жыйноо сыяктуу ар кандай социалдык иш-чараларды уюштурушат. Бул күндөрү алар муктаж адамдарга буюм-тайым жагынан гана жардам бербестен, жылуу сөз, жарык маанай тартуулашат.
Акциянын демилгечиси Jasa.kg Эл аралык жаштар фонду. Ага АКШнын USAID агенттиги, “Интербилим” борбору, Борбор Азиядагы эркин базар институту жана башкалар колдоо көрсөтүүдө. Акция 27-апрелге чейин уланат. (КЕ)