Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:57

Орусия мунайдын сууга куюлуп кеткени үчүн компанияны күнөөлөдү


Орусия Сибирдеги ири көлөмдөгү мунайдын сууга акканы чүн Британия менен биргелешкен компанияны күнөөлөдү. Ханты-Мансийскиде жарым миллион тонна кара майдын Обь, Энесай дайраларына куюлуп кетиши үчүн Орусиянын жаратылыш министри орус-британ ТНК-БП компаниясын күнөөлөдү. Аймактан жаңы кайткан Юрий Трутнев аталган компания кетирген калпыстыктан улам 2200 гектар жер булгангандыгын билдирди. Министр ТНК-БПны "өкмөттүк көзөмөлдөн качып жатат" деп күнөөлөп, тазалоо иштерине бир апта убакыт берди. Компания өткөн аптада "советтик доордон мураска калган" мунай казуу инфраструктурасына инвестиция салып жаткандыгы айтылган билдирүү жарыялаган.

XS
SM
MD
LG