Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Коогада өлтүрүлгөн милиционерге Эл баатыры наамын берүү сунушталды


Ички иштер министрлиги июн коогасында өлгөн Кара-Суу райондук милиция башчысы Адыл Султановду Эл баатыры наамына сунуштап өкмөткө кайрылды. Бул тууралуу бүгүн Оштун Жапалак айылында эл менен жолуккан ички иштер министри Зарылбек Рысалиев айтты. Райондук милициянын алдына Султановдун эстелиги орнотулаарын кошумчалады. Маркумдун мектепте окуган үч баласын 18ке чыкканча медициналык тейлөөсүн министрлик өзүнө алгагын билдирди.

2010-жылдын июн окуясында киши колдуу мерт болгон Кара-Суу райондук ички иштер кызматынын башчысы Адыл Султановдун атын түбөлүккө калтырууга бийлик маани бербей жатат деп маркумдун айылдаштары былтыр парламентке кайрылган.

Адыл Султанов Нариман айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Райондук милициянын башчысы бул айылга жаңжалдашкан тараптарды арачылоо үчүн баргандыгы маалымдалган.

Расмий маалымат боюнча улут аралык жаңжалда 447 адам өлгөн. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG