Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде түркиялык сүрөтчүлөр уюштурган көргөзмө өтөт. Түрдүү темадагы 40ка жакын сүрөт коюлат. Живопис багытында иштеген Хикмет Четинкай, Гүлтекин Сербест, Гүр Далкыран, Ердоган Сечилдин чыгармалары тартуулана турган бул маданий иш-чара Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен өткөнү жатат. 25-апрелден 1-майга чейин болот. Көргөзмөнүн ачылыш күнү каалагандар үчүн мастер-класстар уюштурулат. (RK)