Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Жаш дарыгерлерди аймактарга тартуу акциясы өтүүдө


Бүгүн Бишкектеги Мамлекеттик медицина академиясында жаш дарыгерлер үчүн кесиптик жарманке өтүп жатат. Ага медициналык окуу жайларды быйыл бүтүп жаткан үч жүзгө жакын жаш дарыгер чакырылган. Жети облустун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери да катышууда. Иш-чаранын максаты - жаш дарыгерлерди айылда иштөөгө чакыруу.

Расмий маалымат боюнча, учурда Нарынга 146 дарыгер жетишпейт. Таласка 127, Ысык-Көлгө 165, Баткенге 113, Жалал-Абадга 134 жана Оштун элин тейлегенге 103 медицина кызматкери жетишпейт. (RK)

XS
SM
MD
LG