Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Казакстанда журналистке кол салуу болду


“Уральская неделя” гезитинин журналисти Лукпан Ахмедьяровду кечээ кечинде үйүнө кирип бараткан жеринен белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Күбөлөрдүн айтымында, журналистке беш адам кол салган. Ахмедьяровду бычактап, пневматикалык курал менен атышкан. Ал азыр оор абалда ооруканада жатат.

"Уральская неделя" гезитинин башкы редактору Тамара Эслямова акыркы кезде Ахмедьяровдун үй-бүлөсүнө бир нече ирет коркутуу болгонун айтты. Журналист Жаңы-Өзөндөгү 16 адамдын өмүрүн алган окуя үчүн бийликти айыптап, митингде сөз сүйлөгөн болчу.

Мартта аны бир канча жолу полиция кармаган. Нью-Йоркто жайгашкан журналисттерди коргоо комитети Казакстандын бийлигин журналистке байланышкан окуяны дыкат иликтөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG