Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Францияда президенттикке үгүттөөнүн акыркы күнү


Францияда 22-апрелге белгиленген президенттик шайлоонун үгүт кампаниясы эртеңден баштап токтотулат. Мыйзамга ылайык, эртең өлкөдө “жымжырттык күнү”, үгүт жүргүзүүгө таптакыр тыюу салынат. Учурдагы президент Николя Саркози шайлоочулар менен акыркы күнкү жолугушуусун бүгүн Ницце шаарында өткөрүүдө. Анын негизги атаандашы, социалист Франсуа Олланд тарапкерлери менен кечээ Бордодо кездешкен.

Франциянын президенттик кызматына 10 талапкер ат салышып атат. Алдын ала сурамжылоолорго караганда, шайлоо эки тур менен өтөт жана анда Николя Саркози менен Франсуа Олланд президенттик тактыны талашаары анык болуп калды. Эгерде экинчи турга дал ушул эки талапкер чыкса, шайлоо Франсуа Олланддын жеңиши менен аякташы мүмкүн дешет талдоочулар.

XS
SM
MD
LG