Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Ошто жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жүрөт


21-апрелде Ош шаарында жугуштуу ооруларга каршы "Европалык эмдөө жумалыгы" башталат. Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан “Азаттыкка” билдиришкендей, эмдөө иштери акысыз болот.

Жергиликтүү адистер тарабынан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ооруларга каршы эмдөөнүн артыкчылыктары, оорулардан сактануу тууралуу маалымат берилет.

Бул иш-чара Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа бюросунун демилгеси менен алгач 2005-жылы Европа мамлекеттеринде башталган. Кыргызстанда 2009-жылдан бери өтүп келет. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG