Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Пакистан: авиакырсыкта бир да адам аман калган жок


Пакистандын бийлиги Исламабадда кулаган учакта 127 адам каза тапканын расмий билдирди. “Бир да адам тирүү калган жок”,-деди жергиликтүү жарандык авиациянын өкүлү. Буга чейин учакта канча жүргүнчү болгону тууралуу түрдүү маалыматтар тараган болчу. Бирок жарандык авиация башкармалыгы учактын бортунда 121 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгонун тастыктады. Жергиликтүү "Бходжа Эйр" компаниясынын учагы Исламабад аэропортуна бир нече километр жетпей кулап түшкөн. Учак толугу менен күйүп, бир да киши тирүү калбады. Карачиден Исламабадга келаткан учак катаал аба ырайына карабай асманга көтөрүлгөн болчу. Каражаттын тартыштыгынан бул компания учактардын тетиктерин жаңылап турууга чамасы жеткен эмес.

XS
SM
MD
LG