Бүгүн Бишкекте бийлик менен оппозицияны сүйлөштүрүүнү көздөгөн элдик форум өттү. Аны Улуттук улуу курултай уюму жана Кыргызстан профсоюздар федерациясы уюштурду.
Улуттук улуу курултай уюмунун өкүлү Бердибек Жумабаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, форумга бийликтин, оппозициянын жана жалпы коомчулуктун өкүлдөрү чакырылган. Бирок бийлик тараптан Президенттик аппараттын өкүлдөрү келгени менен, катышууга убада берген оппозициянын лидерлери келишкен жок.
Форумда бийлик менен оппозицияны диалогго чакыруу менен катар өлкөдөгү коомдук-саясий талылуу маселелер талкууланды.
Ал ортодо оппозициянын Жалал-Абаддагы митингден соң бийликке чектеген 10 күндүк мөөнөтү аяктады.
Бийлик коюлган талаптарды аткарбагынан улам бүгүн оппозициянын бардык өкүлдөрү чогулуп, кийинки кадамдарды талкуулашат. Бул тууралуу билдирген Камчыбек Ташиевдин айтымында, оппозиция өз кадамдарын аныктаган соң элге кайрылуу жасайт. (BkA)