Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

"Жашылдар" партиясынын ишембилиги үзгүлтүккө учурады


Бул тууралуу аталган партиянын төрагасынын орун басары Наргиза Абдылдаева билдирди. Анын айтымында, "Жашылдар" партиясынын мүчөлөрү Бишкектеги "Жаштык" сейил багында ишембилик өткөрүүнү пландаштырган. Бирок белгисиз адамдар партиянын активисттерин коркутуп-үркүтүп, сейил бактын аймагынан күч менен чыгарышкан. Абдылдаеванын болжолунда, булар сейил бакта мыйзамсыз үй куруп алгандар болушу мүмкүн.

Учурда “Жашылдар” партиясынын мүчөлөрү окуя боюнча Биринчи май РИИБге арыз менен кайрылышканын билдирди.

Өкөн жумада премьер-министр Өмүрбек Бабанов баш болгон өкмөт мүчөлөрү "Жаштык" сейил багында ишембиликке катышкан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG