Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Кореяда кыргыз тил курстары ачылды


Сеулдагы Хангук чет тилдер университетинде кыргыз тили курсу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз тили курсу Хангук университети менен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташуу жөнүндөгү меморандумдун негизинде иштей баштады.

Бул курстун үзгүлтүксүз иштеши үчүн быйылкы жылдын сентябрынан тартып "Манас" университети Сеулга кыргыз тили мугалимин жана керектүү окуу материалдарын жөнөтөт. Ага чейин сабактарды Кореяда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер өтүп турмакчы. (BkA)

XS
SM
MD
LG