Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

КСДПнын XII курултайы өттү


Бишкекте Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын курултайы өттү. Ага өлкө боюнча партиянын 490га жакын мүчөсү катышты.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, курултайда партиянын саясий кеңешинен жаңы курамы дайындалып, уставына өзгөртүүлөр киргизилди. Эми партиянын саясий кеңешинин төрагасы бул кеңештин алгачкы жыйынында шайланат. Буга чейин саясий кеңешке Алмазбек Атамбаев төрагалык кылып келген.

Мындай өзгөрүүлөрдү Турсунбеков КСДПнын лидери президент Алмазбек Атамбаев партиядагы мүчөлүгүн токтоткон соң уюштуруу маселелерин тактап алуу муктаждыгы менен түшүндүрдү.

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо экинчи келип, парламентте 26 мандатка ээ болгон.

XS
SM
MD
LG