Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

22-апрелге карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
21-23-апрелде жаан-чачынга жана абанын жогорку температурада болушуна байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
22-апрелде дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир тоолуу райондордо гана жаан-чачын күтүлөт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,
Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 23..28 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9 градус, күндүз 17...22,
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 19..24,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3..+2, күндүз 10...15,
Тоолордо түнкүсүн -1...-6, ал эми күндүз 3..8 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден айрым жерлерде 12 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13 градус жылуу, күндүз 25...27 градус жылуу болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG