Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:04

Ош шаарында жаштарды колдоого 4 миллион сом бөлүндү


Ош шаардык мэриянын алдындагы жаштар комитетине быйыл 4 миллиондон ашык сом берилет. Комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, каражат жаштардын долбоорлорун каржылоого жумшалат. Бул долбоолордун дээрлик баары шаардагы жаштарды ынтымакка чакырууга, биригүүгө багытталган. Жунусовдун айтымында, ошондой эле 100 миң сомго чейин 10 долбоор үчүн каражат берилет. Долбоорлордун эң мыктысы дагы кошумча 500 миң сом алат.

Ош шаарында 2010-жылы улут аралык араздашуу орун алган. Ага негизинен жаштар катышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG