Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Ирак премьери Тегеранга келди


Ирактын премьер-министри Нури аль-Малики май айында Багдадда өтчү ирандын ядролук программасы талкууланчу жыйындын алдында сүйлөшүү жүргүзүү үчүн бүгүн эки күндүк иш сапары менен Тегеранга келди. Сапар алкагында өкмөт башчы Иран президенти Махмуд Ахмединежад жана парламент спикери Али Лариджани менен кездешип, ядролук программа тууралуу сүйлөшүшөт. Жолугушууда аймактык коопсуздук жана Сириядагы кырдаал талкууга алынат. Бул Иран премьеринин акыркы эки жыл ичиндеги биринчи сапары.

XS
SM
MD
LG