Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Франция: шайлоонун биринчи айлампасын Франсуа Олланд жеңди


Алдын ала санактарга караганда, Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасын 28,8 процент менен социалист Франсуа Олланд жеңди. 6-майда өтө турган экинчи турда ал азыркы мамлекет башчы Николя Саркози менен беттешмекчи.

Саркозиге добуш бергендердин 26,1 проценти ишеним көргөздү. 3-орунду ашынган улутчулдардын лидери Марин Ле Пен ээледи. Аны 18,8 процент добуш берүүчү колдоду. Ашынган солчулдардын лидери Жан Люк Меланшонго болсо добуштардын 11,7 проценти тийди. Президенттик орун үчүн 10 талапкер ат салышкан. Элдин катышуусу өтө жогору болгону кабарланууда. Шайлоо укугуна ээ жарандардын 80 процентидейи добушканаларга барып, өз тандоосун билдиришти.

XS
SM
MD
LG