Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Экс-президент Отунбаева жайлоодогу бала бакчаларды кыдырууда


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева бүгүн Ош облусунун Алай районунда иш сапар менен жүрөт. Ал Баткен, Ысык-Көл жана Талас облусунун мугалимдери, жана жарандык коом өкүлдөрү менен чогуу Алай районунда бала бакча маселеси кандай чечилип жатканы менен таанышуу үчүн барганы кабарланууда.

Ага Хан фонду, ЮНИСЕФтин жардамы менен Ош шаарында жана Алайдын Гүлчө, Кабланкөл, Мады айылдарында жаңы үлгүдөгү бала бакчалар ачылган. Айрымдары балдарды кезеги менен үч сааттан кабыл алып иштесе, кээ бирлери үйдө ачылган же мектепке караштуу. Ошондой эле жайлоодо ачылып иштеп жаткан бала бакчалар да бар.

Иш-чараны "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду уюштуруп жатат.

Ырасмий маалымат боюнча, Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдардын 15 пайызы гана бала бакчага барат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG