Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

24-апрелге карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
24-26-апрелде жаан-чачынга жана абанын жогорку температурада болушуна байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

23-30-апрелде Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
24-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 23...28,
Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 22...27,
Баткенде түнкүсүн 10...15 күндүз 23..28 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8 градус, күндүз 17...22
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 20..25,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0..-5, күндүз 18...23,
Тоолордо түнкүсүн -3...-8, ал эми күндүз 0..5 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5...7 градус жылуу, күндүз 24...26 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG